«Көк-Жар» конушунда жол тоскон деп кармалган беш адам бошотулду. Бул тууралуу адвокат Алмамбет Бексултанов билдирди.
Кечээ, 12-августта Октябрь райондук соту бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, тил кат менен бошотту.
Эскерте кетсек, мэрия «Көк-Жар» конушунун №172 контурундагы мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоодо. Мэриянын маалыматы боюнча, ал жерде 149 үй мыйзамдаштырылат, калгандары жер амнистиясынын критерийлерине жооп бербегендиктен бузулушу керек. 6-августта демонтаждоо иштери учурунда жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери кагылышып, натыйжада 22 адам кармалган.