• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алматыда Январь окуясы учурунда уурдалган курал-жарактар табылды

30 Үчтүн айы 2024 18:09 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы 24-январда Алматыда «курал-жарак сакталган жашыруун жай» табылганын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, «Калашников» автоматтарын, тапанчаларды, мылтыктарды кошкондо 30 даана курал-жарак, ошондой эле беш граната, 10 түтүн кутулары жана ар кандай калибрдеги 221 ок алынган.

Алдын ала тергөөгө караганда, куралдар Январь окуясы учурунда уурдалган. Атайын кызмат шектүүлөр бар же жок экенин кабарлаган жок.

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Башкы прокуратурасы Январь окуясында уурдалган куралдын канчасы дагы деле табыла электиги тууралуу маалымат бере элек.

Казак бийлиги 2022-жылдын башында бир нече миң курал уурдалганын айткан. Былтыр Казакстан ИИМи Январь окуясы учурунда уурдалган 1 900 даана кызматтык жана жарандык куралды издөө иштери уланып жатканын билдирген. Кийинчерээк коопсуздук органдары Казакстандын түштүк аймактарында уурдалган курал-жарак жана ок-дарылар табылганын бир нече жолу кабарлаган.

Количество просмотров: 71