Алматы шаарындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы жоокер Абылай Сабыров каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты Казакстандын Улуттук гвардиясынын «Түндүк» аймактык командачылыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.
Расмий маалыматка караганда, аскер кызматкери 22-августта түштөн кийин «өзүнө бекитип берилген Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен өзүн атып алган». Жыйынтыгында алган жараатынан улам каза болуп калган.
Окуяга байланыштуу кызматтык териштирүү башталып, укук коргоо органдары тергөө амалдарын баштаганы кабарланды.