• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткендеги чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алган офицерге жардам берилди

12 Баш оона 202519:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2025-жылдын 12-августунда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, 2022-жылы Баткен чек ара жаңжалында көзүнө жарылгыч заттын учкуну чачырап, эки көзүнөн жаракат алган Төлөнов Элдиярды кабыл алып каржылык жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, Төлөнов Элдияр Таалайбекович 2021-жылы КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик иниститутун аяктап, 2021-2022-жылдары ИИМ ИА (Баткен) бөлүмүнүн батальондорунун биринин командири, андан соң ротанын командиринин орун басары болуп мамлекетке кызмат өтөгөн.

2022-жылы Баткен районундагы чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алып, Туркия Республикасынан, андан соң Москва шаарынан дарыланып келет. Элдияр Төлөновдун 1-топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин Мамлекет тарабынан 1794000 сом бөлүнүп берилип, андан тышкары Бишкек шаарынан батир алынып берилген. Учурда Элдияр Төлөновго ай сайын 15765 сом жана майыптуулук боюнча 7000 сом пенсиялар төлөнүп турат.

УКМК Төрагасы К.К.Ташиев ушундай эл жерин коргогон чыныгы офицер, патриот уулду тарбиялап өстүргөн Элдияр Төлөновдун ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирди. Мындан нары дагы колунан келген жардамын аябастыгын, жардам токтобостугун, Элдиярдын ден-соолугуна кам көрүү үчүн болгон аракетин жасаарын айтып, Элдияр Төлөновго ден-соолук тиледи.

Количество просмотров: 116