• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Алматыдагы абакта аялдар ачкачылык жарыялады

26 Теке 202316:25 Бишкек Govori.TV

26-июлда Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жазык-аткаруу комитети Алматыдагы №72 тергөө абагында кармалып турган аялдар ачкачылык жарыялаганы жөнүндөгү маалыматка комментарий берди.

Бир күн мурун адвокат Айнара Айдарханова абакта кеминде эки аял ачкачылык жарыялаганын, алардын биринин деми кыстыгып, эс-учун жоготконун билдирген.

«Алматыда айыпталуучулардын бири мекеменин администрациясына ачкачылык жарыялоо тууралуу арыз менен кайрылган. Ошол эле маалда эстен тануу учурлары болду деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат кабарда.

Комитет медицина кызматкерлери абактагы адамдардын ден соолугуна күн сайын көз салып турушарын белгиледи. Бирок мекеменин билдирүүсүндө ачкачылык жарыялоо тууралуу арыз менен кайрылган аялдын аты-жөнү жазылган эмес.

Адвокат Айнара Айдарханованын айтымында, аталган тергөө абагында бери дегенде эле эки аял ачкачылык жарыялаганы белгилүү: Багдагүл Андреева өткөн аптадан бери, Элла Балдасарова ушул жумадан бери ачкачылык кармоодо. Алар камактагы шарттарга даттанып, иштеринин адилет тергелишин жана соттун калыс чечимин талап кылууда. Мурдараак казакстандык укук коргоочулар Андреева «бийликти басып алууну пландоого» айыпталып жатканын маалымдашкан.

Количество просмотров: 85