• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Алматы аэропортунда кыргыздарды текшерүүдө

20 Бирдин айы 2018 10:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.02.2018.Govori.TV
Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто кыргыз жарандарын суракка алып жатканы кабарланды. Уланбек Жураев аттуу жаран Алматы аэропортунан кыргыз паспорту барларды чегара кызматы токтотуп, бөлөк бөлмөгө киргизип бир катар суроолорду берип жатканын фэйсбуктагы баракчасына жазды. Мындан улам кезек күтүү жаралгандыгын, башка өлкө жарандары кенен-кесир жүргөңдүктөн бизге ушундай бажы биримдигинин кереги барбы деп суроо салган.
Эске салсак, 16-февралда Казакстанда өткөн атайын операциянын жүрүшүндө үч кыргыз жараны кармалган. Анын бирөө Жогорку Кеңеш депутаты Асылбек уулу Дамирбек. Кыргыз жарандары бажы тармагында аткезчилик жасаган деп күнөөлөнүүдө.
Казакстан өткөн жылдын 10-октябрында кыргыз-казак чегарасында көзөмөлдү күчөткөн. Мындан улам бир нече км созулган жол тыгыны пайда болуп, жарандардын өтүүсү да татаалданган. Казакстан чегарадагы көзөмөлдү күчөтүү себебин, Кыргызстандан аткезчилик товарлар агылып кирип жатышы менен түшүндүргөн.
Казакстандын дээрлик эки айга чегарасын жаап коюсунан соң Кыргызстанда бажы кызматынын башчысы, орун басарлары алмашты. Бажы кызматынын жаңы башчысы Кубанычбек Кулматов премьер-министр менен жолугушуп жатып бажы төлөмдөрү январь бир канча эсеге өсүп, коррупциялык схемаларга бөгөт коюлгандыгын билдирген. Кубанычбек Кулматов бажы кызматын 2010-2012-жылдары да жетектеген.
Количество просмотров: 35