• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Алмаз Мамбетов: Ошто жаңы кичирайон курууну пландап жатабыз

1 Кулжа 2022 15:27 Бишкек Govori.TV

Ошто жаңы кичирайон курууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Govori.TVга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, элдин сунуш-пикирин эске алуу менен шаарды өнүктүрүү пландары жазылды.

«Кызматка жаңы келген учурда элдин сунуш-пикирлерин эске алуу менен өнүгүү стратегиясын жазып чыктык. Кийин шаардык кеңешке сунуштадык. Депутаттар менен калаа тургундары активдүү катышты. Шаарды кантип өнүктүрүү керек? Кайсы багыт менен барабыз? деген суроолорду койдук. Натыйжада «Келечекке татыктуу шаар» деген программанын алкагында иш алып баруудабыз. Шаарды кеңейтүү зарыл. Ошондой эле жаңы кичирайондор түшүш керек. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,-деди ал.

Количество просмотров: 250