• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Манас шаарынын жаңы мэри дайындалды

22 Кулжа 202615:48 Бишкек Govori.TV

Уларбек Исмаилов Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Исмаилов Уларбек Тавалдиевич Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри болуп дайындалды.

Количество просмотров: 32