• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Алтайда тик учак кырсыгынан 6 киши каза болду

28 Теке 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Алтай аймагында Ми-8 тик учагы кырсыкка кабылып, алты киши мерт болуп, жети адам жабыркады. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы тиешелүү кызматтарга шилтеме кылып жазды.

Кырсыкка электр зымдары себеп болгону кабарланды. Маалыматка караганда, тик учакта туристтердин тобу бараткан.

Жалпысынан бортто 15 киши болгон, алардын үчөө экипаж мүчөлөрү. Тик учак Түнгүр айылына конуп жатканда электр зымдарына илинип, кулап түшкөн.

Тергөө комитети кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Тик учак «Алтай авиа» компаниясына таандык болгон.

Бул Алтай аймагында соңку үч күн ичинде туристтер аралашкан экинчи кырсык. 25-июлда Каракол көлүнө туристтерди алып бараткан жүк ташуучу автоунаа кырсыктап, бир киши мерт болгон. Дагы 12 адам, анын ичинде тогуз бала жабыркаган.

Количество просмотров: 112