Бишкек.08.02.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун апасы бүгүн, 8-февралда Ош шаардык ооруканасында каза болду деп жазды Турмуш. Ал инсульттан жабыркап, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Бул маалыматты ооруканадан тастыкташты. Депутаттын апасы эртең, 9-февралда Ноокат районундагы Шанкол айылында жерге берилет.
Паиз апа 1952-жылы жарыкка келген. Ал 19 жашында Турдубай Сулаймановго турмушка чыккан. 8 жылдан кийин жолдошунан айрылып, 4 баласы менен жалгыз калган. Ал учурда А.Сулайманов 7 жашта болчу.
Паиз апанын кесиби бухгалтер. Ал райондук кеңештин 3 жолку депутаты болгон