• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Алтын сертификаттар тапшырылды

13 Теке 2022 18:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн президент Садыр Жапаров быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшырды. Мындай сертификатка 57 окуучу татыктуу болду. Алардын дээрлик көпчүлүгү Бишкектеги орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды – 235 балл.

235тен 221ге чейин упай топтогондор Бишкекте 35, Ош облусунда жети, Ысык-Көлдө беш, Чүйдө төрт, Баткенде үч, Нарында эки жана Жалал-Абад облусунда бир окуучу.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы Кыргызстан боюнча 68 миң окуучу мектепти аяктады.

Количество просмотров: 194