• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификаттарды” тапшырат

13 Теке 202210:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат. Түз эфир башталышы болжол менен 18:00.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болгон.

Количество просмотров: 138