• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ЖРТдан эң жогорку балл алган бүтүрүүчү белгилүү болду

27 Кулжа 2022 14:38 Бишкек Govori.TV

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган 57 окуучу «алтын сертификат» алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл эң жогорку балл — 235 болду. Аны Бишкек шаарындагы № 70-гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:

Бишкек шаарынан — 35 окуучу

Ош облусу — 7 окуучу

Ысык-Көл облусу — 5 окуучу

Чүй облусу — 4 окуучу

Баткен облусу — 3 окуучу

Нарын облусу – 2 окуучу

Жалал-Абад облусу -1 окуучу

Белгиленгендей, 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн.

Количество просмотров: 1655