• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алтынбек Сулайманов: Сариев кетирген каталарды өкмөт оңдошу керек

15 Жетинин айы 201816:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.11.2018. Govori.TV
Кыргызстан Бажы уюмуна шашылыш кирди. Буга экс-премьер-министр Темир Сариев күнөөлүү экенин депутат Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болууда эмнеден ката кетиргендигине да токтолду.
Эл өкүлүнүн сөзү боюнча, ал мурда бул билдирүүнү айткан, бирок мурунку өкмөт башчы анын сөзүн четке каккан. Бул тууралуу Сулайманов доклад даярдаганын билдирди.
“Темир Аргембаевичтин сөзү боюнча, аябай көп ийгиликтер болуптур. Мен ал сөзүнө жооп берип коёюн. Анын маалыматы боюнча, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна өнүктүрүү үчүн 500 миллион доллар түшкөнү чындык. Бирок ушул күнгө чейин ал акчалар иштетиле элек. Акча бир гана байларга берилет, анткени барымтанын суммасы аябай чоң. Кредит алуу жөнөкөй банктыкына караганда татаал. Орто жана кичи бизнестин өкүлдөрү ал жардамдан куру жалак калышты”,-дейт Сулайманов.
Мындан сырткары, Сулаймановдун маалыматы боюнча, Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында берилген 200 миллион доллар россиялык грант да иштетилген эмес.
“Бул акчалардын баш, аягы жок, лабораториялар алиге чейин курулган жок, өткөрмө пункттар даяр эмес”, — деп нааразы болду эл өкүлү.
Ал ошону менен бирге Кыргызстанга келип жаткан автоунаалардын саны кыскаргандыгын да кошумчалады.
“Темир Сариев ушинтип экологияны тазалап жатыптыр, бирок эски машиналарды мурункудай эле ташып жатышат. Мен аны күчтүү экономист жана каржы адиси катары сыйлачумун. Азыр болсо көз карашым өзгөрдү. Менин оюмча биз Бажы уюмуна өлкөнүн кызыкчылыгын ойлобой шашып кирип алдык. Элдин баары президенттик шайлоо менен алек болчу. Ошондуктан өкмөт мүчөлөрү Сариев кетирген каталарды оңдоосу зарыл”,-деди Сулайманов.
Сөзүнүн аягында депутат ЕАЭБге кирген учурдагы өлкө жетекчилигинин иш аракетин Башпрокуратура изилдеп чыгышы керектигин айтты.
Эскерте кетсек, кечээ 14-ноябрда Темир Сариев тармактан видео жарыя кылып, анда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун сөзүн четке какты. Ал Кыргызстан ЕАЭБге киргендеги жакшы жактарын айтып өткөн.
Количество просмотров: 75