• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Темир Сариев: Алтынбек Сулаймановдун бизнесин текшерип чыгышы керек

15 Жетинин айы 2018 16:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.11.2018. Govori.TV
Экс-премьер-министр Темир Сариев тиешелүү органдар Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун бизнесин текшерип чыгышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн депутаттын парламентте жасаган билдирүүсүн комментарийлеп жатып айтты:
“Башкы прокуратура менен Финполиция Алтынбек Сулаймановдун өзүн текшериши керек. “Ала-Тоо” мейманканасынын ордунда салынып жаткан көп кабат үй кандай болуп түшүп калды? Ал жерде тарыхый маанидеги объект бузулуп жатат. Түрк университетинин ичинде эмне үчүн үй салынып жатат? Үчүнчүсү – Лев Толстой жана Тынчтык проспектинин жанындагы үй. Ошолорду текшериш керек. Үч жолку депутат болуп олтурат. Мыйзам чыгарбай эле, өзүнүн бизнесин калкалаганга колдонуп жатат”,-дейт Темир Сариев.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, депутат Алтынбек Сулайманов парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин тарткан зыян эсептелип чыгышы керек экенин айтып, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевди айыптаган.
Количество просмотров: 35