• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алып баруучу Эркин Рыскулбековдун жакындарынан вирус табылды

17 Кулжа 202014:31 Бишкек Govori.TV

Белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбековдун жакындары COVID-19 жуктуруп алды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Коронавирус менин үй-бүлөмө дагы жетти. Бир тууган эжем менен үч жээним аталган илдетти жуктуруп алды. Эжем «Гансиде» (обсервация — ред.), балдар (бардыгында симптомдор жок) үй карантинине алынды. Эрежелерди сактаңыздар. Бул тамаша эмес. Мен аябай коркуп турам. Бүт өлкө үчүн дуба кылам», — деп жазган Рыскулбеков.

17-июнга карата коронавирус акыркы суткада дагы 90 адамдан жаңы аныкталды.Ушуну менен жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2562 адамга жетти. Илдет жуктуруп алган 30 адам каза болду.

https://www.facebook.com/erkinbek.ryskulbekov/posts/10160402617868973
Количество просмотров: 295