Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал өзү инстаграм баракчасы аркылуу кабарлады.
«Ооба, биз кызым экөөбүз жалгыз эмеспиз. Стористен көрүп, көп сурай баштадыңар. Атабыз бар. Мындан бир нече ай мурун таанышып, баш кошконбуз. Тагдыр көп сюрприз камдайт тура. Аты Мирлан, менден 5 жаш улуу», — деп билдирүү калтырган.