• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Аматов:Транспорттук каттамдарды алмаштырбасак аягы өкүнүч менен бүтөт (видео)

14 Бирдин айы 2018 16:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.02.18.Govori.TV

Биз маршруттук каттамдардын профсоюзу менен төрт жылдан бери соттошуп келебиз. Ушул убакытка чейин ачык сынак жарыяланбай тейлөөдөгү транспорттук компаниялар өздөрүнүн жогорку сапаттагы траспортторун койгонго мүмкүнчүлүктөрү болбой келет. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Рысбай Аматов Govori.TV сайтына билдирди.

“Биз мыйзам чегинде токтом кабыл алып, ачык сынак менен башка сапаттуу транспортторду коюп бере турган  компанияларга эшик ачып бергенбиз. Бирок, тилекке каршы бул боюнча азыркы трапспорттордун профсоюзу менен төрт жылдан бери соттошуп келебиз. Быйыл сынка өткөрө турган комиссия бул жылы сынакты өткөрөбүз деп даярданып жатышат. Эгерде бул сынакты быйыл өткөрө албай калсак анда аягы өкүнүч менен бүтөт” –дейт Аматов.

Мындан сырткары борбор калаадагы соңку күндөрү катталган  жол кырсыктарына токтолуп мунун баары айдоочунун мыйзам сыйлабагандыгы деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда борбор калаабызда жеке менкчи компаниялардын 3 миңден ашык маршруттук таксиси шаар тургундарына кызмат кылат.

Ал эми ИИМдин Govori.TV сайтына берген маалыматы боюнча  2018-жылы өлкө аймагында 534 жол кырсыгы катталып 46 адам каза болуп 804 адам ар кандай жаракат алган.

 

 

Количество просмотров: 30