• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Анжелика ажырашууга арыз жазганын тастыктап, күйөөсүн күнөөлөдү

12 Үчтүн айы 2018 14:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.01.2018.Govori.TV

Эстрада ырчысы Анжелика Бекболиева инстаграм баракчасына кыргыз тилдүү жергиликтүү гезиттердин бирине берген интервьюсун жарыялады.

Анда Анжелика Бекболиева акыркы күндөрү анын дарегине айтылып жаткан сөздөрдү ушак деп атап, Вефа соода борборунун ээси делген Марат Назарбеков менен ойнош деген сөздү жокко чыгарган. Бирок, Марат Назарбеков жана ал ээлик кылган соода борбору Казакстандык продюссер Баян Максат кызын Кыргызстанга алып келүүдө демөөрчүлүк кылганын тастыктаган. Эске салсак, Казакстандык продюссер Баян Максат кызы, мурдагы фамилиясы Эсентаева, күйөөсүнүн көзүнө чөп салганы үчүн күйөөсүнөн катуу токмок жеп, учурда күйөөсү камалып кеткен. Ал эми Баян Максат кызы ойношу Турсунгали Алагөзовго тийип алган.

Анжелика Бекболиева ошондой эле бир ай мурун ажырашууга арыз жазганын да тастыктаган. Күйөөм Урмат мени ар кандай каралоодон коргобой койду деген ырчы, Урмат акыркы жылдары көңүл ачуу менен гана жүрүп алды деп билдирип, ажырашуу же ажырашпоо күйөөсүнөн көз каранды экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, ырчы Анжелика Бекболиеванын айланасындагы ызы-чуу төрт күн мурун башталып бизнесмен Марат Назарбековдун Айжан аттуу мыйзамдуу аялы Анжелика Бекболиеваны үй-бүлөсүн бузуп жатат деп күнөөлөп чыккан.

Количество просмотров: 34