• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Анжелика Lexus сатып алып, 11 жаштагы кызына белек кылды

17 Бештин айы 2018 9:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV

 Ырчы Анжелика Кайратова акыркы учурда эл сынында жүргөн «жылдыздардын» катарын толуктап келет. Бул жолу ал Lexus  үлгүсүндөгү унаа алгандыгы тууралуу өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу кабарлады.

Анжелика ак тулпарлуу болду

Анжелика ак тулпарлуу болду

Опубликовано barometr.kg Пятница, 14 декабря 2018 г.

Маалым болгондой ырчы айым буга чейин кандай үлгүдөгү машина алсам деп окурмандарына суроо салган эле.

Анжелика унаа тууралуу жазган постуна:

«Ооба! Менин ак эмгегим! Кыялдар орундалат!Жаратканыма миң мертебе мактоолор болсун! Кызым Айымкага ырымдап койдук. 18ге чыкканга чейин мен шопур болуп турам.» -деп баяндама жазды.

Айта кетсек  Анжеликанын улуу кызы Айыманын туулган күнү болуп, ал 11 жашка чыкты. Посттун астына жазылган пикирлердин арасында бирөө «ким белек кылды?-» деп суроо салды. Ал суроого Анжелика «мен кызыма» деген жооп узатты. Дал ушул жооптон кийин көпчүлүк «кызың машина айдай алабы», «мактанбачы»,»мен ойношу подарка кылды деп ойлоп алыпмын», «Марат сага сен кызыңа», «Айыма 11 эле жашта го, права берилбейт да ага» деген түрдүү пикирлерди жазып калтырышууда.

Албетте терс пикир жазуучулардан кем калышпай ырчынын сахналаштары жана күйөрмандары жакшы калоо-тилектерин айтууда.

Булак:  “Барометр” сайты

Количество просмотров: 38