Белгилүү ырчы Анжелика Кайратова мурунку устаты Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев каза болгонуна байланыштуу, өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү калтырып, «Аллах таалам билип, билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин. Жайың Жаннаттан берсин Жаназасына бара албайм. Ошон үчүн Аргендин карыздарын кечирдим», — деп жазган.
Мындай билдирүү коомчулукта катуу талкуу жаратып, Анжеликанын дарегине ар кандай терс пикирлер айтылууда.
Көп убакыт өтпөй Анжелика мындай сын-пикирлерге көнүп калганын билдирип, Айчүрөк эжеси менен Таалай байкесине көңул айткан билдирүү жазды.
Белгилей кетсек, Арген Иманалиев 35 жашында дүйнөдөн кайтты.