• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Анжеликанын жаңы кызматы соцтармакта талкууга түштү

15 Чын куран 202616:32 Бишкек Govori.TV

Ырчы Анжелика Кайратова Улуттук Алыш федерациясынын вице-президенти болду. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазып, федерациянын амбассадору болгонун да кошумчалаган.

Ал муну чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик деп баалап, алдыда алыш күрөшүн өнүктүрүү, спортчу кыз-келиндерди колдоо жана бул спортту кеңири жайылтуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын жазган.

Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары бул тууралуу өздөрүнүн пикирлерин жазып ырчынын жаңы кызматы талкууларга жем таштады.

Мындан соң Анжелика Кайратова кайрадан соцтармак баракчасына билдирүү жазып, спорт менен маданият тармагын бирге алып кетүү жакшы иш экенин айткан.

Белгилей кетсек, Бишкекте «Жаштык Арена» спорттук комплексинде 12-14-апрель күндөрү Алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты болуп өттү.

Количество просмотров: 331