• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Апрелде Алайга кар жаады

19 Чын куран 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Алай районунун Ак-Босого айылында жаз айында кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар соцтармактар аркылуу жазды.

Эске салсак, кечээ, 18-апрелде тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин Кыргызгидромет борбору билдирген.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-апрелинде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоуна жолунун 132-137 (Төө-Ашуу ашуусу),198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-88, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.

Количество просмотров: 288