Бүгүн Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Кара-Мык» чек ара бекетинин инфраструктурасын жакшыртуу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысына объекттин социалдык жана инженердик инфраструктурасын модернизациялоого багытталган иш-чаралар комплексинин этап-этабы менен ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.
Атап айтканда, буга чейин аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттарын жакшырткан объекттер пайдаланууга берилген. Алардын катарына кызматтык турак жайлар, мектепке чейинки билим берүү мекемеси, ошондой эле турмуш-тиричилик жана коммуналдык инфраструктура объекттери кирет.
Учурда долбоордун кийинки этабы уланууда. Ал кошумча аскердик жана чарбалык багыттагы объекттерди курууну жана модернизациялоону, ошондой эле учурдагы имараттарды жаңылоону камтыйт. Бардык иштерди аяктоо быйыл пландалууда.
Садыр Жапаров жаңы объекттердин курулушуна старт берип, имараттардын биринин пайдубалына биринчи курулуш эритмесин куюу менен символдук башталышын жасады.
Мамлекет башчы өткөн жылы курулган турак үйдөгү аскер кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышып, түзүлгөн турмуш шарттарына баа берди.
Сапардын соңунда Садыр Жапаров чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын жашоо шарттары жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысы тууралуу маселелерге көңүл бурду.