• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров Гүлчөдө калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

13 Чын куран 202618:00 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Алай районунун Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести.

Жаңы имарат үч кабаттан турат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Биринчи кабатта калкты тейлөө борбору, экинчи кабатта кеңсе жайлары жайгашкан. Ал эми жер төлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр каралган.

Садыр Жапаров кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, калкты сапаттуу тейлөөнү камсыздоого чакырды.

Ал өз сөзүндө өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болсо, мындай объекттер көбөйүп, жолдор да оңолорун белгиледи.

Количество просмотров: 122