• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Апшыр-Ата жолундагы көпүрө калыбына келтирилүүдө

1 Теке 2024 16:01 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында Көк-Жар – Апшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы Шаран-Сай көпүрөсү селден улам жараксыз абалга келген.

Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Учурда аталган көпүрө ӨКМ тарабынан калыбына келтирилүүдө. Жеринде жалпы 5 инженердик техника иш алып барууда. Көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин бүгүн кечке чейин бүткөрү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, алардын бардыгы эвакуацияланды.

Тилекке каршы селден улам каза болгондордун саны 9 адамга жетип, дагы бир адамды издөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 70