18-майда катуу жааган жаандан улам жүргөн селдин кесепетин жоюу үчүн Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сел жүргөн жерлерди тазалоо жана калыбына келтирүү үчүн Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтары, муниципалдык жана аймактык башкармалыктары иш алып барууда.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, кырдаалды жоюу үчүн тиешелүү аракеттер жумшалып, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтардын, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан Ош шаарынын аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү, сел кеткен тилкелерди тазалоо боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, иш-аракеттер жүргүзүлөт.