• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Акча опузалаган. Ноокатта тергөөчү кармалды

28 Бугу 2024 17:07 Бишкек Govori.TV

Опузалап акча талап кылгандыгы үчүн Ноокат РИИБдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган Ноокат РИИБнин тергөөчүсүн кармады.

«Ноокат РИИБнин тергөөчүсү, 1998-жылы туулган Т.У.Т. аттуу милициянын улук лейтенанты тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсине каршы чечим чыгарганы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 25-майында көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган тергөөчү иш бөлмөсүндө 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, тийиштүү далилдерди жок кылууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Ишкананы тинтүү учурунда көрсөтүлгөн акча каражаттары табылды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кармалган адам эсин жоготкондуктан, окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ал Ноокат райондук ооруканасына жаткырылды, учурда абалы туруктуу. Медициналык текшерүүнүн жана дарылоонун жыйынтыгы менен Т.У.Т.ну КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камоо маселеси каралат. Учурда тергөө иштери уланып, аталган кылмышка башка кызматкерлердин катыштыгы аныкталууда.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-мартында УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны Т.К.Х да 40 миң сом өлчөмүндө пара алуу учурунда кармалган. Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сот органдары тарабынан каралып жатат», — деп жазылат маалыматта.

Атайын кызматтар ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөштү улантууда.

Количество просмотров: 127