• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Апта ичинде 19 миң 207 жол эрежесин бузуу фактысы катталган

3 Теке 2023 12:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 24нөн 30-июнга чейинки аралыкта 19 миң 207 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 197;
мас абалында рулга отуруу — 197;
автунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 55;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 972;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 889;
автоээнбаштык — 17;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 971;
жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 906.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 349 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 69