• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада 27 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузган

16 Бирдин айы 202610:11 Бишкек Govori.TV

9-февралдан 15-февралга   чейин өлкө аймагында 26 миң 916 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 974;

-Мас абалында унаа башкаруу — 427;

-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -151;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 627;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 751;

-Авто ээнбаштык -22;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 629;

-Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 4;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 628;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 703 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Количество просмотров: 94