• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Апта ичинде 23 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

22 Үчтүн айы 2024 11:24 Бишкек Govori.TV

15-21-январь аралыгында Кыргызстандын аймагында 23 миң 240 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-251;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -333;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-49;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 281;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 648;
  • авто ээнбаштык — 12;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 405;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14260;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1210 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 62