• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Апта ичинде 300дөн ашык мас айдоочу аныкталган

10 Жетинин айы 202512:10 Бишкек Govori.TV

 3-ноябрдан  9-ноябрга   чейин өлкө аймагында 23 миң 654 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 1 878;
  • Мас абалында унаа башкаруу — 309;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 138;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 762;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 256;
  • Авто ээнбаштык -24;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 387;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу — 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 694;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 201  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 93