• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Бир аптада 362 мас айдоочу кармалды

8 Кулжа 202612:34 Бишкек Govori.TV

29-майдан 4-июнга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 2 539;
  • мас абалындаунаа башкаруу – 362;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 193;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 238;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 502;
  • авто ээнбаштык – 52;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 135;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 267;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 691 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 26