• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Апта ичинде коронавирустун жаңы 12 учуру катталды

7 Жетинин айы 202215:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 31-октябрдан 6-ноябрга чейин коронавирустун жаңы 12 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Анын айтымында, бир бейтап ооруканага жаткырылды, калгандары амбулатордук түрдө дарыланууда.

Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу.

2022-жылдын башынан бери республика боюнча жалпысынан 21 716 коронавирус оорусу катталды.

Количество просмотров: 147