• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ар апта сайын Россиядан Кыргызстанга чартердик каттам уюштуруу пландалууда

26 Бугу 2020 12:41 Бишкек Govori.TV

Июнь айынан баштап жума сайын Россиядан Кыргызстанга чартердик каттамдарды уюштуруу пландалып жатат. Бул маалыматты бүгүн, 26-майда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Учурда 1,5 миңдей адам кезекте турат. Алардын арасында оор абалдагы бейтаптар, кош бойлуу аялдар, жаш балдар жана карыялар бар.

«Жогорудагы категорияга кирген жарандар июнь ай ичинде Мекенине жөнөтүлөт.
Элчиликтин алдындагы Штаб жогорудагы категорияларга кирбеген, бирок Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандарга сабырдуулукка жана авиа байланыштардын жана россия-казакстан чек арасынын расмий ачылышын күтүүгө чакырат. Карантинге байланыштуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен чек ара бүгүнкү күнү жабык экендигин эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле элчилик жарандарды автобустар менен кетүү тууралуу алдамчылардын сунуштарына макул болбоого чакырат.

«Автобус жана авиа каттамдардын уюштурулушу тууралуу социалдык тармактарда вотсап тайпаларда таркатылып жаткан маалыматтар жалган экендигин белгилейбиз. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик расмий булактарда жарыяланган маалыматтар менен иш алып барууну, Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоону өтүнөбүз», — деп кошумчаланат кайрылууда.

Количество просмотров: 62