Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Ош облусуна караштуу Араван районунда асканын боорунан орун алган “жомок үйү” социалдык түйүндөрдө желдей тарап талкууну жаратты.

Бирок, сүрөттөгү үй эмес, тоодогу бакты суугарууга сакталган суу сактоочунун тосмосу экендигин анын ээси мурдагы Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Махаммаджан Мамасаидов Govori.TV агенттигине өзү тастыктады.
Анын айтымында, асканын боорундагы үй эмес ал жөн эле тосмо.
«Дүйнөдө мындай жасалма тосмолор көп. Абдан кооз да көрүнөт. Ошонудактан, биздин райондун көркү болсун деген таризде жасадым»
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Махаммаджан Мамасаидов
Бул тосмо 1990-1994-жылдары таштар менен курулган.
Ушундай эле тосмону Германиянын «Сан-Суси» ачык асман багынан көрүүгө болот.
