Бүгүн БШКнын отурумунда «Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевди жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу сунушталды.
БШКнын бардык мүчөлөрү Араванда жаңжал чыккан жолугушууну уюштурган партиялардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышууда. Айрымдары аты аталган эки талапкерди шайлоодон алыстатууну сунуштап жатышат.
БШК мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Журабекова партиялардын жоопкерчилигин карап, чара көрүүнү сунуш кылышты.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу сунушун БШКнын он мүчөсү колдоду.