2022-жылкы Футбол боюнча Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Аргентинанын футбол боюнча курама командасы финалдык беттеште Франциянын курамасы менен 3:3 эсебинде тең чыгып, пенальтинин негизинде дүйнө чемпиону болду.
Биринчи таймда Аргентина эки гол киргизди. Бирок экинчи таймда франциялыктардын чабуулчусу Мбаппе кыска убакыттын ичинде эки топ киргизип, эсепти теңеди.
Буга чейин, 13-декабрда Аргентина курама командасы Хорватия курамасын 3:0 эсебинде жеңип, чемпионаттын финалына чыккан алгачкы команда болгон.
Дүйнөлүк чемпионатта Мароккону 2:1 эсебинде жеңген Хорватия турнирде үчүнчү орунду ээледи.
Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-ноябрда башталган, 18-декабрда жыйынтыкталат. Жалпысынан Катарга футбол боюнча 32 курама команда барды.