• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Армения өз аймагында ЖККУнун машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты

11 Үчтүн айы 2023 9:37 Бишкек Govori.TV

Армения өз аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян басма сөз жыйынында билдирди.

«Армениянын коргоо министри ЖККУнун Биргелешкен штабына азыркыдай кырдаалда өлкө аймагында машыгууларды өткөрүү туура эместигин кабарлады. Жок эле дегенде Армениянын аймагында мындай машыгуулар 2023-жылы өтпөйт», – деп билдирди Пашинян.

1-январда Орусиянын Коргоо министрлиги быйыл Арменияда «Бузулбас биртуугандык-2023» аскердик машыгуулары өтөрүн жарыялаган.

Пашиняндын билдирүүсүнөн кийин ЖККУ Арменияда пландалган машыгууларды башка өлкөнүн аймагында өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Количество просмотров: 75