• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Армения ЖККУга мүчө болууну убактылуу токтотту

24 Бирдин айы 2024 11:31 Бишкек Govori.TV

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Никол Пашинян France 24 агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган уюм Армениянын коопсуздугуна байланыштуу маселеде, өзгөчө 2021-2022-жылдары өз милдеттенмелерин аткарган жок.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы РИА Новости агенттигине Еревандан мүчөлүктү убактылуу токтотуп коюу боюнча эч кандай арыз түшпөгөнүн маалымдаган.

Кошумчалай кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Армения жана Тажикстан мүчө.

Количество просмотров: 124