• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Артыкбаевдин мандаты алынды

8 Чын куран 2020 12:07 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПдан шайланган депутат Осмонбек Артыкбаевди мандатынан ажыратты. Мындай чечим Бишкек ЖЭБ иши боюнча Артыкбаевге карата сот чечими күчүнө киргени негиз болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.


Конституциянын “Президенттик жана парламенттик шайлоолор” тууралуу 65-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш депутатынын ишмердүүлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет. КСДПнын парламенттик шайлоо тизмесинде Осмонбек Артыкбаевден кийинки катарда Чынара Урумкалиева турат.

Шайлоо кодексине ылайык, аял депутаттын мандаты алынса, анын ордуна аял талапкер, эркек депутаттын мандаты алынса, анын ордуна эркек талапкер гана депутат болуп келе алат.

Буга ылайык, Осмонбек Артыкбаевдин мандаты КСДПнын тизмесинде 56-орунда турган Чынара Урумкалиевага эмес, 57-катардагы Дүйшөн Ирсалиевге ыйгарылуусу ыктымал деген божомолдор айтылууда.

Количество просмотров: 212