Кыргызстандыктар Баяэл Нуралиев жана Арууке Нурбекова 17 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпиондору болушту.
Турнир Вьетнамда өтүүдө. Бул тууралуу UWW сайты билдирет.
Арууке Нурбекова эркин күрөш боюнча 40 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медалга ээ болду, ал эми Баяэл Нуралиев грек-рим күрөшү боюнча (71 килограммга чейин) жеңишке жетти.
Кыргызстандын өкүлдөрү Аяна Ниязбекова (46 кг чейин), Аяна Дүйшөнкулова (53 кг чейин) жана Милана Уланова (69 кг чейин) коло медаль тагынышты. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Эдил Нурбеков дагы (80 кг чейин) үчүнчү болду.
Бир күн мурун КРдан келген балбандар Арсен Шарапов (51 кг чейин), Саймык Аскаров (55 кг чейин) жана Баел Жамалдинов (60 кг чейин) күмүш медаль, ал эми Арсен Асанкулов (45 кг чейин), Умарали Бердалиев (48 кг чейин) жана Хасан Гасанов (92 кг чейин) коло медаль алышкан.