Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев 2-октябрга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Мындай чечим 4-августта анын баш коргоо чарасын кароо учурунда кабыл алынган.
Эске салсак, Нуралиев 2-августта Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган. Ал «абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошоткон, соттолгондордун шарттарын жумшартууда туруктуу коррупциялык схема уюштурган» деп айыпталууда.