• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Арыз жасалма болсо Аскарбек Шадиев мандатын кайрып алса болот

5 Жетинин айы 2018 18:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Эгерде жазылган арыз жасалма болсо, Аскарбек Шадиевдин мандатын кайрып бериши мүмкүн.
Мурдагы качкын депутат өзүн партиядан чыгаргыла деп суранбагандыгын жана партиялаштары менен байланышпагандыгын билдирди.
Экс-депутат Аскарбек Шадиевдин мандатын кайра беришсе болот. Бул тууралуу  БШК мүчөсү Назарали Арипов айтып берди.
“Эгерде Шадиевдин фракциядан чыгуу тууралуу арыз жазбагандыгы аныкталса, анда Боршайкомдун депутаттын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу токтомун жокко чыгарууга болот. Бирок, мындай кырдаалда ал арыздын чыныгы экендигин текшерүү зарыл”-дейт Арипов.
Кошумчалай кетсек, ММКда Аскарбек Шадиевдин «Бир Бол» парламенттик фракциясынан чыгуу тууралуу жазган арызын жарыя кылышты.
«Эч кандай фракциядан чыгуу тууралуу жана депутаттыктан баш тартуу тууралуу арыз жазганым жок. Менин партиялаштарымды адашуугу алып барышты. Кайдагы мен жазбаган бир кагаз менен иш алып барып жатышат. Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин жана эч ким менен байланышкан да жокмун. Менин партиялаштарым, кесиптеш депутаттар бул ишке барат деп ойлобойм. Мен аларды кимдир бирөөлөр гана колдонуп жатышат деп ойлойм»,-деп билдирди Шадиев.
Шадиев өзүнө карата козголгон кылмыш ишин ойдон чыгарылган жана саясий деп атады.
«Менин эч кандай күнөөм жок, менин абийирим таза. Ошондуктан мен өзүмдүн жана үй бүлөмдүн коопсуздугу үчүн өлкөнү таштап чыгып кетүүгө аргасыз болдум», — деп кошумчалады.
Эске салсак, мурда БШК Аскарбек Шадиевдин ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун тотктоткондугу тууралуу айтышкан эле. Ага негиз болуп «Бир Бол» фракциясынын чечими эсептелген. Саясий бирикменин катчылыгынан Шадиев өзү фракциядан чыгууну каалагандыгын билдиришкен.
Аскарбек Шадиевди кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз  кесип өткөндүгү жана кылмыштуу жол менен табылган кирешени алуу боюнча айыпталып жатат.
Бүгүнкү күндө Шадиевдин кайда экендиги белгисиз. Эл өкүлүнө эл аралык издөө жарыяланган.

Булак: Vesti.kg  сайты

Количество просмотров: 30