• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сот Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча арызын кароодон баш тартты

28 Кулжа 2021 16:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевдин Жогорку Кеңештеги депутаттык ыйгарым укугун калыбына келтирүү боюнча арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу Govori.TVга аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Өмүрбек Текебаев борбордук шайлоо комиссиясынын «Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 токтомун жокко чыгарып, «Ата Мекен» фракциясынын жетекчилиги ордуна келүүсү үчүн сотко жазган арызы канаттандырылган жок.

Маалыматка караганда, Кылмыш-процессуалдык кодексинде кызмат орду жана парламенттик фракциясынын жетекчилик кызматын калыбына келтирүү каралган эмес.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу өткөн жылдын 25-декабрында чечим чыгарган. Текебаевдин мандаты Шералы Абдылдаевге берилген.

Количество просмотров: 485