• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Асел Куламбаева Албек Ибраимовдун ордун басат

31 Бугу 2018 16:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.05. 2018. Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов эртең, 1-июнда өзүнүн социалдык блокту тейлөөчү орун басарлыгына Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асел Куламбаеваны дайындай турганын айтты. Ал бүгүн шаардык кеңештин сессиясында эл өкүлдөрүнүн алдында убдасын берди.

Эске сала кетсек, буга чейинки вице-мер Айгүл Рыскулова өз ыктыяры менен арыз жазып, кызматынан кеткен. Кызыгы, Асел Куламбаева өз талапкерлигин өзү көргөзүп, Бишкек шаарынын өнүгүшү, жашоочуларынын жакшы турмушу үчүн вице-мэр болуп иштөөнү каалап жатканын айтканы бар.

 

Количество просмотров: 15