Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.
Бүгүн, 10-декабрь саат 09:00го карата Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда бороон болууда. Айрым жерлерде кар күрткүнүн калыңдыгы бир метрге чейин жетип, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Каттам бар.
Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кечээ, саат 15:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө жакынкы сааттарда алынары күтүлүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
«Алыс жолго сапар алган учурда жаныңызга музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүңүз. “Сосновка” жана “Кара-Көл” пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарыларын эскертебиз. Ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелсеңиз, унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюуңуз. Анткени, ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат. Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо — кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт», — деп жазылат министрликтин кайрылуусунда.