• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ашууларында каттам бар, жол ачык

20 Бештин айы 20249:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-декабрь саат 08:00го карата өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап жатат, ашууларында каттам бар, жол ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдорго инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Бишкек – Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек – Кара-Балта жолунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Количество просмотров: 166