• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ашууларда жолдор ачык, каттам бар

6 Бештин айы 202410:22 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 6-декабрга карата Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан зарыл учурда инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашууларында жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ошондой эле Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында унаа кыймылына чектөө жок.

Мекеме кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат

Количество просмотров: 115