• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ашууларда жолдор ачык

12 Бештин айы 202411:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 12-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жолдордо каттоолор жүрүп жатат, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Количество просмотров: 92